Карышкыр менен чөө аткан мергенчилердин сый акысы көбөйөт

Карышкыр менен чөө аткан мергенчилердин сый акысы көбөйөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Парламент" радиосуна курган маегинде депутат Бейшеналы Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, учурда карышкыр атып алгандарга 6 миң, чөө аткандарга 2 миң сом сый акы каралган.

"Эми токтомго ылайык, карышкыр аткандарга каралган сый акы 10 миң, чөөлөргө 5 миң, бөлтүрүктөргө 2,5 миң сом болот", - дейт депутат.

Атылып алынган жырткычтын териси менен эти мергенчинин шыбагасы катары өзүндө калат.

Белгилей кетсек, аталган токтом долбоорун Айыл чарба министрлиги даярдаган. Министрликтин маалыматы боюнча былтыр Кыргызстанда 2 миң 334 жырткыч атылган. Алардын ичинде 382 карышкыр, 19 бөлтүрүк жана 1 миң 933 чөө бар. Аларды атып келген мергендерге 5 млн 346,5 миң сом сый акы төлөнгөн.

Карышкыр-чөөлөрдөн орточо алганда 27 млн 988 миң сом зыян келтирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД