Кыргызстан эмделгендердин саны боюнча дүйнөдө 160-орунду ээледи

Кыргызстан COVID-19га каршы эмделгендердин саны боюнча дүйнөдө 160-орунду ээледи. Бул тууралуу Британиянын The Sunday Times басылмасына берген маалыматка таянып, "Барометр" билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, Кыргызстанда 177 миң адам же болбосо 1,5 пайыз адам эмдөөдөн өткөн. Калктын мындай аз санда гана эмделиши менен Кыргызстан Либерия менен Ирактын ортосундагы орунду ээледи.

Африканын Сомали, Нигерия, Чад мамлекеттери жана Сирия жана Йемен эң артта калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД