ИИМ: Мыйзамсыз миграцияны уюштурган факты аныкталды

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырылган Россия Федерациясынын Бурятия Республикасына иштегени келишкен 6 кыргызстандыктын паспортторун жумуш ээлери алып коюшуп, аларды мыйзамсыз кармап жүрүшкөн деген маалыматты текшеришкен.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н. Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөдөн тышкары жумушка орноштуруу иштерин жүргүзүүгө уруксаты жок болсо дагы кыргыз жарандарын мыйзамсыз Россия Федерациясынын Бурятия Республиксына жөнөткөндүгү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдө жумушка орношуудагы жакшы шарттарды жана жогорку кирешени убада кылган кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык тармактар жана Бишкек шаарынын базарларында жайгаштырылган жарнамалар аркылуу билишкен.

Мындан тышкары, кармалган адам мигранттарга Россия Федерациясына кирүүгө укук берүүчү жасалма күбөлүк бергендиги аныкталган.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) менен катталып, жаран Т.Н. ге шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, ага карата иш сотко жиберилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД