Айзуура Иманалиева жаңы келин болуп келген кезин эскерди

Алып баруучу, блогер Айзуура Иманалиева жаңы келип болуп келген кезиндеги кызыктуу окуяны социалдык баракчасына эскерди.

"Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт болуп, жаңы келин болуп келгенде биринчи жолу бир кап ун менен боорсок жасаган күн эсиме түшүп жатат.Такыр сыр бербей, камырды жуурдум, болбосо өмүрүмдө мындай чарага, мындай өлчөмдө камыр жууруп көргөн эмесмин.

Отту жактым. Дагы жакшы, уят болбой дароо күйдү."Бул шаардык келин от жакканды дагы билбейт турбайбы" делип, уят болбоюн деп тиленип жаттым. Камырды кескилеп, апам болсо (кайненем) бышырып. Бир маалда апам атамды (кайнатамды) чакырып, боорсок ооз тийгизип жаткан. Анан эле: "Ай, келин, ушул дагы боорсокпу? Ачуу кылып дагы жасайбы!" деп кыйкырса болобу? Жүрөгүм оозума келди. Ушунча ун ысырап болобу? Эми уят болбодумбу? Кантем?" Бир мүнөттүн ичинде түрдүү ой басты.

Апам дароо жылмайды, мени жыгылып калбасын деп аяды болуш керек. Бетимден кызыл качканын көрүп: "Абышка, койсоңчу! Сонун эле болуп турбайбы" дей салды апам. "Уух" деп өзүмө араң келдим.Көрсө атам абдан тамашакөй киши экен да. Аны көп жолку тамашаларынан кийин билдим",-деп жазды алып баруучу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД