Экс-вице-мэр Азыгалиев мамлекеттин эсебине 30 млн сом төлөдү

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз баюу боюнча иштин алкагында мамлекетке 30 млн сом зыяндын ордун толтуруп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, мыйзамсыз баюу ишинин алкагында Уланбек Азыгалиевге байланыштуу маалыматтар чогултулду. Атайын кызмат Азыгалиев 20 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштегенин жана жакын туугандарына катталган декларацияланбаган ири өлчөмдөгү мүлкү бар экенин билдирет.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү белгиленип, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД