"Ишеним" партиясынын лидери Азамат Дороевдин кайрылуусу

"Ишеним" саясий партиясынын лидери Азамат Дороевдин Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана шайлоочуларга кайрылуусу:

Урматтуу Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү!

Баарыбыз жакшы билгендей, шайлоолор Кыргызстандагы социалдык толкундоолордун негизги себептери болуп келди. 2005-2010-2020-жылдардагы төңкөрүштөрдүн эң негизги себеби да дал ушул жарандарыбыздын шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылыгынан улам болгон. Элдин добушун уурдап, каалагандай бурмалап, анын арты менен жомоктогудай жашоодо жашайбыз деген бир ууч адамдардын тилеги ишке ашпай, качкынга айланышты. Эркиндикке, акыйкатсыздыкка каршы турган кыргыз эли өзүнүн Башмыйзамдагы укугун коргоп, Кыргызстандагы шайлоо тутумунун жакшырышына шарт түзүп, эң негизгиси бийликтин ээси - эл экендигин далилдей алды. 2021-жылдын 11-апрелиндеги жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шайлоосунун жокко чыгарылышы буга анык мисал. Кыргыз саясатында жергиликтүү кеңешке өткөн   шайлоолордун жыйынтыгын мындай массалык түрдө жокко чыгаруу көрүнүшү биринчи жолу болду жана ал элдин талабы менен жасалды. Демек, бул – элдин жеңиши! Ушул жеңиш үчүн миңдеген мекендешибиз ден-соолугунан айрылса, жүздөгөн боордошторубуз өмүрүн берген. Андыктан, элдин жеңишин уурдоого эч кимбиздин акыбыз жок.

11-июлда, шаарга, элге кызмат кылабыз деген партиялардын баары элдин таразасына түшөт. Ак менен караны ажырата билген эл бул сапар да өзүнүн тандоосун жасап, татыктуусун шайлап алат.

Биз шайлоочуларыбызга берген убадаларыбызды аткарып, эл алдында таза, акыйкат иштейбиз десек, анда аны бүгүнтөн баштообуз керек. Ал үчүн баарыбыз шайлоонун таза өтүшүн камсыздообуз шарт. Шайлоо - бул күрөш. Күрөштүн да өзүнүн эрежеси болот. Ошондуктан, мен сиздерди шайлоону мыйзамга ылайык таза өткөрүп, эрежесин сактоого чакырам.

Урматтуу шайлоочулар!

Бишкек - өлкөнүн жүзү. Шаарды өнүктүрүү, менин же анын гана колундагы иш эмес. Шаарды биз баарыбыз биргеликте өнүктүрөбүз. Ал үчүн сиздин тандооңуз чоң мааниге ээ. Андыктан, 11-июль күнү өтө турган шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосуна өзүңүздүн жүрөгүңүз каалган, таза, креативдүү, иш билги адамдарды тандаңыздар.

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 05.07.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД