Рейд: Лейлекте санитардык эреже бузулган 80 факты аныкталды

Лейлек районунунда пандемияга каршы иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурдагы эпидемиологиялык абал боюнча элдин коопсуздугун сактоо максатында Лейлек район аймагында милиция кызматкерлери санэпид кызматкерлери менен чогуу мекеме-ишканалардын, коомдук тамактануучу жайлардын, банктардын санитардык эрежелерин текшерүүгө алышты. Санитардык эрежерлердин нормаларын так сактабаган ишканаларга эскертүү баракчаларын берүүдө.

Жыйынтыгында жалпысынан район аймагындагы 15 мекеме-ишканаларга, 37 жеке ишкерге, 28 маршрутканын айдоочуларына эскертүү баракчаларын беришип, мындан ары көзөмөл күчөтүлөрүн эскертилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД