Кыргызстандан мал экспорттоого уруксат берилди

Кыргызстандан мал экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июлдан тарта башка өлкөлөргө мал сатууга уруксат берилет.

Бодо малга жана майда жандыкты экспорттоого салынган тыюу алынарын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да 24-июнда маалымдаган.

2020-жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу чек коюлган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу, ургаачы мал-жандыктын азайып жатканы менен байланыштырган. Мындай чектөөлөр айрым фермерлерди нааразы кылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД