Эрдоган Орхан Инанды Түркияга алынып барылганын билдирди

"Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга алынып барылганын түрк президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда билдирди.

"Атайын кызматыбыздын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптуусу Орхан Инандыны өлкөбүзгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Кийин бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деди Эрдоган.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган түрк тектүү Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Тарапташтары аны табууну талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД