Ишкерлер менен иштешүүдө алешемдик кылган аткаминерлер жазаланат

Президент Садыр Жапаров 23-июнда бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында ал берген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында атайын тескемеге кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тескемеге ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларына, Министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына ишкерлер менен жолугушууда Президент тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылат.

Президенттин тапшырмаларын аткарбаса же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн аталган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД