Кол салуу аракетине кабылган Улан Үсөйүн милицияга арыз жазды

Жарандык активист Улан Үсөйүнгө Баткенде белгисиз адамдар кол салууга аракет кылышты. Бул тууралуу өзү "Фейсбук баракчасына жазды.

Ага ылайык, активист бир долбоордун алкагында Баткенге барган. Ал облуска киргенде ага белгисиз адамдар ага кол салууга аракет кылып, тилдешкен.

Буга байланыштуу активист укук коргоо органдарына кайрылып, аларга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

"Сарсанаа болгон баардык тилектештериме ыраазычылык. Азыр баары жакшы. Милицияга арыз жаздым. Кол салуу аракетин кылгандар табылып, мыйзам алдында жооп берет деген үмүттөмүн", - деп жазат активист.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД