Жалал-Абад милициясы бир нече уурулук фактыларынын бетин ачты

Жалал-Абадда бир нече үйдү тоноого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 3 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 28-майдан 7-июнга чейин ишкана, стоматология жана мал сарайларына ууру киргенин билдиришкен. Каракчылар анда акча, фотоаппарат, үй тиричилик жана курулуш техникаларын уурдап кетишкен. Жабырлануучулар жалпысынан 80 миң сомдон ашуун зыянга учурушкандыгын билдиришкен.

Бул окуя боюнча ыкчам-иликтөө иштери башталып, Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен иш козголгон.

Анын алкагында шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 39 жаштагы Х.Ж. аттуу тургуну кармалган. Анын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД