Чукул кабар: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал болуусу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болуусу күтүлөт.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тургундарды сак болууга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД