Баткенде жеңил унаа каналга кулап, бир адам каза тапты

Баткенде жеңил унаа каналга кулап, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Гүлдүрөмө айылындагы каналга Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1977-жылы туулган К.Т. аттуу аял каза болгон.

Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун жансыз денесин жергиликтүү тургундар унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД