Бир суткада 1 233 кишиден COVID табылып, 8 бейтап көз жумду

Өткөн суткада Кыргызстанда 1 233 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 133 303кө жетсе, анын ичинен 113 975 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде сегиз адам коронавирустун курмандыгы болгон. Ушуну менен дарттан көз жумгандардын жалпы саны 2 054кө жетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД