УКМК: "Орхан Инанды боюнча тергөө жүрүп жаткан"

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инандынын кармалганын билдиргенин түркиялык басылмалар жазып чыгышкан. Бул боюнча УКМКнын маалымат кызматына байланышканыбызда тергөө жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.

"Орхан Инанды боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткан, азырынча маалымат бере албайбыз",- дешти аталган мекемеден.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД