"Elite House" компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Кыргызстанда экенин Tazabek басылмасы булактарына шилтеме берип билдирди.
Ага Аскер прокуратурасы быйыл 27-майда издөө жарыялаганы белгилүү болгон. Ал эми Биринчи май райондук соту 27-майда Т.Файзиевдин баш коргоо чарасын карап, сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
УКМК азырынча маалымат бере элек.