Чүйдө жол тандабас унаасы менен суунун ортосунда калган айдоочу куткарылды

Чүйдө жол тандабас унаасы менен суунун ортосунда калган айдоочу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Октябрь айылында Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусу К.Т. аттуу 41 жаштагы киши Сокулук суусунан унаа менен өтүүгө аракет кылган. Бирок унаа суунун ортосуна жетип тыгылып калаган. Куткаруучулар менчик оор жүк ташуучу унаанын жардымында унааны чыгарып беришкен, жабыркагандар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД