"ИШЕНИМ" партиясынын талапкерлери Бишкекти өнүктүрүү маселелерине токтолду

"Ишеним" саясий партиясынын талапкерлери Рысбай Аматов, Таалайбек Дайырбеков, Эмиль Рыскулов жана Асылбек Акылбековдор Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча шаардыктарга кайрылуу жасашты.

Алгач талапкер Таалайбек Дайырбеков жол транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү, коомдук транспортту жакшыртуу, билим деңгээлин көтөрүү боюнча маселелерге токтолду. "Бул кечиктирүүгө болбой турган орчундуу тапшырмалар. Ошондуктан, Бишкек шаардык Кеңешине көптөгөн жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн барам!"-деди ал өз сөзүндө.

Ал эми талапкер Эмиль Рыскулов шаардыктардын маданиятын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо объектилерине жеткиликтүүлүк, Бишкек шаарына дени сак жашоо образы, мектеп жана мектепке чейинки мекемелерди колдоо керектигин айтат.

"Мен буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде иштегем жана көптөгөн жакшы иштерди аткарганымды мени жакындан тааныгандар билет. Шаардагы маселелерди кантип чечүүнү билем",-деди ал.

Талапкер Рысбай Аматов экология маселесине токтолуп, шаардын жашыл катмарын калыбына келтирүү, ирригациялык системаларды жакшыртуу, жеке турак-жайларды жана жаңы конуштарды газдаштыруу, күйүүчү отун колдонгон обьектилерге көзөмөл кылуу, жыл сайын борбор калаадагы негизги көйгөйлөрдүн бири болгон ыш маселесин чечүү тууралуу айтты.

"Бишкек шаарындагы көйгөйлөрдү биз көп жылдан бери мониторинг кылып, анализдеп келгенбиз жана кантип чечүү жолун да билебиз. Бишкектин бир нече багыттарын биздин партиядагы улан-кыздарыбыз буга чейин да өз жаатында изилдеп, өз жаатында маселелерди чечип, шаар тургундарына жардам берип келишкен",-дейт Аматов өз сөзүндө.

"Ишеним" партиясынын дагы бир талапкери Асылбек Акылбеков Бишкек шаарынын экономикасын өнүктүрүүгө токтолду. Ал өз сөзүндө административдик тоскоолдуктарды кыскартуу, шаардык бизнес-инфраструктураны калыптандыруу, кичи жана орто бизнестерди колдоо жана коргоо боюнча кеп кылды.

"Бизнес – Бишкек шаарын өнүктүрүүгө өбөлгө жана негизги күч болушу керек. Андыктан өкмөт бизнести колдоп, ишкерлердин укугун коргоп, анын артынан калаабызга пайдалуу иштерди жасаса болот. Биздин партияда иштеген иш билги адамдарга ишеним артсаңыздар бизде бир нече Бишкектин жаркын келечеги үчүн ишке ашыра турган долбоорлор бар",-деди Асылбек Акылбеков.

"Ишеним" саясий партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 06.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД