Байгелди Нурдинов: "Биздин Кыргызстан" партиясы бул жаңы жүз, жаңы идеялар"

Байгелди Нурдинов 1996-жылы туулган, 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КММА) тапшырган. Азыр ал ординатурада окуп, жеке клиникада хирург болуп иштейт. Мектепте ал президент, КММАда студенттик кеңештин төрагасы болгон. Студент кезинде ал көптөгөн илимий макалаларын жарыялаган, Кыргызстандын атынан чет өлкөлөрдөгү ар кандай сынактарга катышкан. Россиянын "Признание" сынагында абройлуу сыйлыкка ээ болгон. Ага Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинен (КМШ) илимдин алдыңкылары катышкан. 20 жашында "Жылдын жаш илимпозу" номинациясынын жеңүүчүсү болгон - "Илимий кызматташуу" эл аралык изилдөө борбору (Россия) Нурдиновго бул наамды ыйгарган.

Кыргызстанда эки жолу Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон. Кыргызстандагы ЖОЖдордун ассоциациясы тарабынан эки жылда бир берилүүчү "Хан-Теңири" сыйлыгынын да ээси. Президенттик стипендия алган.

КМШ медицина университеттеринин студенттик илимий коомдорунун эл аралык ассоциациясынын президенти болуп шайланган. Евразия изилдөө институтунун стипендиясын алган.

Байгелди Нурдинов учурда "Биздин Кыргызстан" саясий партиясын колдойт.

Байгелди НУРДИНОВ:

Пандемия жөнүндө

Мен окуу жайды былтыр 2020-жылы, COVID-19 пандемиясы күчөп турганда бүтүргөм. Ошол күндөрү Медициналык академиянын алдында обсервация ачылып, ыкчам оорукананы уюштурууга ординаторлор жардам бергенбиз. Курсташтарым менен эки мобилдик бригаданы түзүп, чакырган жерлерге чыгып жаттык. Биз, беш жүзгө жакын адам, бүтүрүүчүлөрдүн 90%, медициналык практикабызды ушундайча баштадык. Психологиялык жактан абдан кыйын болду, анткени биз өлүм менен бетме-бет кармаштык. 2020-жылдагы пандемия биздин пландарыбызга эбегейсиз чоң түзөтүүлөрдү киргизди.

Өткөн жылы биз бийликтегилер эгемендүүлүктүн 30 жыл аралыгында эч нерсе жасабаганын, бир дагы оорукана курбаганын түшүндүк. Биздин медицина ата мекендик медицинанын кызматын колдонбогон адамдар тарабынан кыйратылганына күбө болдук. Бирок ошол адамдар 2020-жылы жайында өз мекенинде ушул жерден дарыланууга аргасыз болушкан.

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы жөнүндө

Мен бүгүн "Биздин Кыргызстан" саясий партиясын колдойм. Анын себеби - бул жаңы жүздөр менен жаңы партия. Буга чейинки бийликтегилер өздөрүнүн натыйжасыздыгын көрсөттү. Алар берген убадаларын аткарышпайт, андыктан аларга добуш берүү логикага жатпайт жана акылсыздык. "Биздин Кыргызстан" саясий партиясы - бул жаңы жүздөр, жаңы идеялар. Жаңы адамдар бийликке келип, туура чечимдерди кабыл алып, берген убадаларын аткарышат, деп абдан ишенем.

Жаштар жөнүндө

Өлкөбүздүн жаштары бул жолу шайлоого олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамиле жасаш керек. Баардыгы салыштырганда билинет, ошондуктан эң жакшысын тандаш керек! Мен чын жүрөктөн жаштарга ишенем! Эгемендүүлүк доорунда туулуп-өскөн, азыр 30 жашка чыга элек бизде, көзкарандысыз мүнөз, прогрессивдүү ой жүгүртүү бар. Прогрессивдүү ой жүгүртүүсү жана көзкарандысыз көз карашы бар жаштар фактыларды талдап, салыштыра алышат. Ошондуктан жаштар туура чечим чыгарат, деп ойлойм. Алар буга чейин болуп өткөн окуяларды баамдап, иштей албаган адамдар үчүн добуш бербейт. Азыр жаңы партиялар көп, ошолордун арасынан тандоо керек. Жаштар - бул күч! Бирок алар билимдүү, сабаттуу болсо мындан дагы күчтүү болот.

Жаштардын көпчүлүгү билимдүүлөр. Алар өз тандоосун жасап, чындап иштей тургандарды, убадаларын аткара тургандарды тандашы керек. Сабаттуу адамдар келбесе, сабатсыздар бийлешет.

Урматтуу жаштар, четте калбай, жөн гана карап турбай, шайлоого келип жүрөгүңүз менен добуш беришиңиз керек!

"Биздин Кыргызстан" - жаңы жүздөр, жаңы идеялар

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясына добуш бериңиздер!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 06.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД