ЖАМК: Чыңгыз Жумагулов жакында абактан чыгат

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун жаза мөөнөтү аяктап, жакынкы күндөрү абактан чыгаарын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты. Мекеме Жумагуловдун качан чыгарын так айткан жок. Маалыматка ылайык, анын жаза мөөнөтү мунапыс жана башка жагдайлар боюнча кыскартылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Чыңгыз Жумагулов боюнча 2020-жылдын 19-июнунда өкүм чыгарып, судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") жана 248-беренеси ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") менен коюлган айып боюнча актаган. Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча ("Ээнбаштык") менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга кесилген. Мамлекеттик айыптоочулар 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип 2020-жылы 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД