ТИМ Түркияны Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарып берүүгө чакырды

Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы мененТүркиянын элчиси Ахмет Доганды чакырып, ага нота тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Элчиге нота түрк тараптын Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны кармашы жана Түркияга чыгарып кетүү операциясын өткөргөнү үчүн тапшырылган.

Министрлик элчиге эл аралык укуктун негизги принциптерин жана нормаларын одоно бузган аракеттерге жол берилбеши керектигин билдирген.

Кыргызстан түрк тарапка Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарып берүүгө, ага күч колдонуп, ар-намысын тебелеген мамиле жасалбашы үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган.

Элчи Ахмет Доган Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин жана түрк жараны катары гана тааныларын билдирген. Ошол эле учурда ал түрк тарап Кыргызстанда аталган операцияны өткөрүү боюнча билдирбегенин белгилеген.

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орхан Инандыны Кыргызстандын жараны катары Кыргызстанга кайтарууга жана укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого бардык керектүү аракеттерди көрөт", - деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД