Бишкекти экологиялык таза шаарга айландырууну кыялданган ишкер

Замирбек Эргешов мырза башкалардан башкача ойлонгон, Бишкек шаар турмушун жана жашоочулардын жашоо ыргагын башка нукка өзгөртүүнү ойлогон ишкер. Замирбек менен ат жалында маектештик.

- Замир мырза, алгач өзүңүз жөнүндө маалымат берсеңиз.

- Мен ОшМУнун тарых факультетин Артыкчылык диплому менен аяктаганмын. Университетти бүткөн соң Алышбаев атындагы институтта мугалим болуп бир топ жыл иштедим. Андан кийин ишкерликке өттүм.

- Учурда "Биздин Кыргызстан" партиясынын туусу алдында Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигиңизди коюптурсуз. Бул кадамга барууга эмне түрткү болду?

- Мен өзүмдүн идеялаштарым жана максатташтарымды ушул партиянын катарынан таптым. Партиянын шаардык кеңешке бара жаткан платформасы жана программасы мага жакты. "Мамлекеттин байлыгы – анын эли", - дешет го. Эл болсо чың ден-соолукта болуш керек. Шаар жашоочуларынын ден соолугу чың болсун үчүн велосипед тебүүнү салтка айландыруубуз керек, экинчи кезекте бул шаардын экологиясы үчүн чоң өбөлгө. Ошондуктан велосипед менен жүрүүнү пропагандалоо, ага шарт түзүү шаар бийликтеринин милдети болуш керек. Мен бул ишти өз мүмкүнчүлүгүмө жараша жайылтып келүүдөмүн. Бизде веложолчолор эми гана курулуп баштады. Түштүк магистралында веложолчонун курулуусу шаардыктар үчүн кандай кубаныч болгонун байкасаңыздар керек. Кечинде ошол жакка өтсөңөр, өзүнчө эле майрамдык атмосфера.

Борбор калаабыз акыркы учурларда абасы эң булганган шаарлардын катарына кирип калгандыгы өкүнүчтүү. Ошондуктан жеке турак жайларды толук газга өткөрүү, шаарда газ менен жүргөн автолордун көбөйүүсүнө стимул берген чечимдерди кабыл алуубуз керек. Шаарыбыз үчүн ар бирибиз колдон келген салымыбызды кыла беришибиз зарыл. Келечекте Бишкек ден-соолугу чың, сергек жашоо образы менен жашаган адамдардын шаарына айланса, деп кыялданам. Шаарыбызга илгерки жашыл шаар деген атагын кайрып берүүгө болот. Анүчүн баарыбыздын жапа тырмак аракеттерибиз керек. Курулушта болобу, жол салууда болобу, транспорт кыймылдарын уюштурууда болобу, биринчи кезекте экология маселеси турушу – замандын талабы.

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 06.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД