Камчаткада дайынсыз болуп жаткан учактагы адамдардын арасында тирүү калганы жок. Бул маалыматты "Интерфакс" басылмасына ошол аймактагы санавиация кызматы билдирген.
Болжол менен 28 адам - бардык жүргүнчүлөр жана экипаж көз жумган.
Петропавловск-Камчатка - Палана багыты менен учуп чыккан учак дайынсыз болуп жатканын, "Ан-26" учагында 22 адам болгонун жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялашкан. Кулап түшкөнү болжолдонуп жаткан учактын калдыктарын Камчаткадагы Палана кыштагы тараптан табышты.
Маалыматтар боюнча, учакта экипаждын 6 мүчөсү жана 1 жаш бала бар болчу.