Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтө турган ХХХII жайкы олимп оюндарына жолдомо утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нурсултан Кеңешбеков Токиодогу олимп оюндарында 5000 миң метр аралыкка чуркап жарышат.
Бул Токиодо өтө турган ХХХII жайкы олимп оюндарына Кыргызстандан 18-жолдомо.