Айдоочулардын эсине: Бишкекте "За рулём" аталышындагы рейд өтөт

Бишкек шаарында "За рулём" аталышындагы рейд өтөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-7-июль күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын аймагында "За рулём" аталышындагы рейд өтөт. Анда калаанын борбордук жана жол кырсыгы көп катталган көчөлөрүндө унааларды токтотуп, текшерүүлөр жүрөт.

Айрыкча коопсуздук курун тагынбагандарга жана унаа айдап бара жатып телефон колдонгон айдоочуларга өзгөчө басым жасалат.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежени так сактоого жана керектүү документтерди алып жүрүүсүн эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД