Бишкектеги "Таш-Рабат" соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Максим Горький көчөсүндөгү "Таш-Рабат" соода борборунун имаратынан түндө өрт чыккан. Ал жерге саат 04:19да 1 өрт өчүрүүчү бөлүм, кийин дагы 3 бөлүм тартылган.
Өрт саат 04:43тө чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн себептери такталууда.