Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров кечээ, 6-июлда, Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевди туулган күнү жана Казакстандын борбор шаарынын күнү менен куттуктап, анын Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак коңшулук мамилелерди орнотууга жана бекемдөөгө кошкон жеке салымын өзгөчө белгиледи.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге чың ден-соолук жана узун өмүр, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД