Кытайдан 1,25 миллион доза Sinopharm вакцинасы алып келинет

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга 1,25 миллион доза Sinopharm вакцинасы келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калкты эмдөө боюнча ыкчам ишти уюштуруу максатында, 9-июлда, Кытайдан "Синофарм" вакцинасынын 1,25 миллион дозасын алып келинет. Анын ичинен 1,1 миллион доза республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, 150 миң доза кытай тарабынан акысыз берилген.

Ошондой эле учурда дагы ушундай өлчөмдө ушул вакцинанын кошумча партиясын сатып алуу маселеси каралып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД