Италия Евро-2020нын финалына чыкты

Оюн Англиядагы "Уэмбли" стадионунда өтүп, негизги бөлүк 1:1 эсеби менен аяктаган. Жеңүүчү пенальти сериясынан соң аныкталды.

Италия курама командасы Европа-2020 чемпионатынын жарым финалында Испания командасын жеңип, алгачкы финалист болду. Оюн Англиядагы Уэмбли стадионунда өтүп, негизги бөлүк 1:1 эсеби менен аяктаган.

Беттештин 60-мүнөтүндө Федерико Кьеза гол киргизип, италиялыктарды алдыга алып чыкты. Негизги бөлүктүн бүтөрүнө 10 мүнөт калганда Альвара Мората гол киргизип, эсепти теңеди.

15 мүнөттөн берилген кошумча эки бөлүктө (жалпы 30 мүнөт) эсеп өзгөргөн жок. Жеңүүчү пенальтилер сериясынан соң аныкталган. Мында италиялыктар мыкты чыкты.

Эми Италия Евро-2020 мелдешинин финалында Англия - Дания жубунун жеңүүчүсү менен кез келет. Экинчи жарым финалдык оюн 8-июлга караган түнү 01:00дө башталат.

Европа биринчилигинин финалы 11-июлда Англиянын борбору Лондондо өтөт.

Буга чейинки Евро-2016 мелдешин Португалия курамасы жеңген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД