Бүгүн, 7-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1198 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID диагнозу тастыкталды. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында - 717 адам;
- Чүй облусунда - 142 адам;
- Баткен облусунда - 88 адам;
- Ош облусунда - 75 адам;
- Ош шаарында - 60 адам;
- Жалал-Абад облусунда - 53 адам;
- Ысык-Көл облусунда - 39 адам;
- Нарын облусунда - 20 адам;
- Талас облусунда - 4 адам.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 134 501 адамга коронавирус жуккан.
Акыркы суткада 9 бейтап көз жумду.