ЖК депутаттары Орхан Инанды маселеси боюнча күч органдарын чакырат

Бүгүн, 7-июлда түштөн кийин Жогорку Жогорку Кеңештин депутаттары "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын маселеси боюнча күч органдарынын маалыматын угушу күтүлүүдө. Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтары тарабынан уурдалып кеткени белгилүү болгондон кийин бир катар депутаттар Кыргызстандын коопсуздук кызматтары жана күч органдарына суроолор пайда болгонун билдиришкен. Алардын бири депутат Жанар Акаев бул иши Кыргызстандын жетекчилиги үчүн "Батукаев-2" аталышындагы иш болуп, кийин экс-президент А.Атамбаевдин тагдыры кайталанып калышы ыктымал деп эскерткен. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын атуулунун уурдалышы Кыргызстандын суверендүүлүгүнө доо кетирди деп мүнөздөгөн. Ал эми "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова Орхон Инандынын башка өлкөнүн колуна өтүп кетиши президентке каршы импичмент процессинин башталышына себеп болоорун белгилеген.

Кыргызстандын расмий өкүлдөрү тарабынан болсо, Орхон Инандынын уурдалып кетишинен буга чейин кабары жок экенин ишаарат кылган реакциялар жасалууда. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине Орхан Инандыны кайтарып берүү талабы менен нота тапшырды. Ал эми президент Садыр Жапаров жергиликтүү агенттикке берген интервьюсунда Түркия тарапка Орхан Инанды маселесин козгогонун билдирип, кайтарып берүү талабы коюла турганын айтты.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майдан 1-июлга караган түнү жоголгон. Анын тарапташтары Орхан Инанды 2012-жылдан бери Кыргыз атуулу экенин айтышып, таап берүү талабы менен бир катар митингдерди уюштурушкан. Кыргызстандын күч түзүмдөрү Орхан Инандыны издөө иштерин жүргүзүп жатканын жарыялаганы менен натыйжа чыккан эмес. 5-июлда Түркиянын президенти Тайып Эрдоган өкмөттүн жыйынында Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматтарынын операциясынын негизинде Стамбулга алып келингенин жарыялап, Орхан Инандынын Түркия желектеринин ортосунда турган видеосун көрсөткөн.

Видеодо Орхан Инандынын арыктап, сакал-муруту өсүп, бир колу менен экинчи колун көтөрүп турганын, көздөрү ичке кирип, запкы көргөндөй белгилерди байкоого болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД