Быйыл 6 айда жарандар каржы пирамидасына дээрлик 35 млн сомун жоготту

Жыл башынан бери Кыргызстанда каржы пирамидасы боюнча 906 факт аныкталып, иликтенүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билиришти.

Ал фактылардын көбү Ысык-Көл облусунда аныкталган. Маселен, Ысык-Көлдө каржы пирамидасына байланыштуу 886, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 3, Ош шаарында 16 факт ачыкталган. Алардын ичинен 875 иш сотко жиберилген. Бирөө токтотулса, 30у боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Каржы пирамидага катышуудан жарандар 34 млн 731 миң сом зыянга учураган.

ИИМ каржы пирамидаларын уюштургандарга карата Жазык кодексинин 214-беренеси ("Каржы пирамидасын уюштуруу") боюнча жоопкерчилик каралганын эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД