Эки күн бою аномалдуу ысык күтүлөт, температура +41 градуска жетет

Кыргызстанда бүгүн, 7-июлда жана эртең 8-июлда ченемден тышкары ысык аба-ырайы күтүлөт.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка шилтеме кылып "Барометр" билдирет.

7-8-июлда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +39…+41 градуска чейин ысык, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска чейин ысыктын болушу күтүлөт.

Бүгүн, 7-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД