"Чек арадан чычкан өтпөш керек" Инандынын жактоочусу прокуратурага кайрылды

Орхан Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Жактоочу Инандынын уурдалгандыгына тиешеси барларды жоопко тартуу үчүн сотко чейинки териштирүү иштерин баштоону талап кылат.

"Биздин жаранды Анкарага чек ара аркылуу алып кетишкен. Бул жерде мыйзам бузуу болгон. Мамлекеттик чек арадан чычкан өтпөшү керек эле. Бул жерде кимдир-бирөөлөрдүн тиешеси бар. Алар боюнча изилдениши керек. Муну менен катар, эл аралык стандарттарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүшү керек", -деди ал.Ошондой эле ал Инандынын жубайы Рейхан Инанды ар күнү 18:00дө нааразычылык акциясын уюштурууну пландап жатканын айтты.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

Кечээ, 6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД