"Ишеним" партиясынын талапкери Таалайбек Дайырбековдун кайрылуусу

"Ишеним" партиясынын талапкери Таалайбек Дайырбековдун Бишкек шаарынын тургундарына кайрылуусу:

"Менин атым Таалайбек Дайырбеков, мен Бишкек шаардык Кеңешине Свердлов районунан талапкерлигимди коюп жатам.

Мен балалыгымды борбор калаанын ушул керемет аймагында өткөрдүм, бул мен үчүн абдан кымбат. Демек, тандоо ушул аймакка бекеринен түшкөн жок.

Свердлов району - эң байыркы аймактардын бири, 1958-жылы негизделген. Буга ылайык, көптөгөн көйгөйлөр көптөн бери чечилбей келет. Маселен, райондун ичиндеги айрым жолдор Союз мезгилинен бери оңдолгон эмес. Ошондой эле, сугат маселеси да көйгөйлүү. Демек, калктын катмары тыгыз жайгашып, имараттар, турак-жайлар тыгыз курулган аймак сугат суусунун жетишсиздигинен жапа чегип келет.

Шаардын жалпы көйгөйлөрүнүн дагы бири - бул коомдук транспорт жана биздин ташуучулар тарабынан кызмат көрсөтүү. Шаардыктар кичи автобустардан тажап, тез арада заманбап транспортторду суранышат.

Ооба, бул көйгөйлөр Бишкек шаарынын бардык райондоруна мүнөздүү. Көйгөйлөрдү азыр чечпесек, кийин анын терс натыйжаларын көрүп калышыбыз толук мүмкүн.

"Ишеним" партиясы менен биргеликте шаарды иретке келтирип, таза, көрктөндүрүлгөн, жашыл шаардын мурунку даңкын кайра кайтарууну пландап жатам! "

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 07.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД