Акаев: Түркия "Инанды Жапаров сапар алдында белек катары берди" деп жазууда

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инанды Түркия тарабынан кармалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулууда.

Депутат Жанар Акаев күч органдарын түркиялык маалымат каражаттары тарабынан жарыяланган материалдар ыкчам жооп берүүгө чакырды.

"Түркиянын сайты Орхан Инандыны Кыргыздын атайын кызматтары кармап берди деп жазып жатышат. Жооп жок унчуккан жоксуңар. Бул социалдык тармактарда бирөөнүн комментарий жазып койгондугу эмес. Муну маалымат агенттиги жазды. Моюнга алгансып отурасыңар. Түркиялык гезит "бул Садыр Жапаровдун сапарынын алдында белек катары берилди" деп жазып чыгышты. Ушунун баарына чыдап отурасыңар. Миллиондогон тираж менен чыккан гезиттер, сайттар жазып жатат. Ыкчам жооп кайтаргыла да. Мынчалык коркок, байкуш болбогула да", - дейт Акаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД