UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

Кыргызстанда UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдеши өтөт.

Мелдеш 3-августта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) өтөт. Ага атайын конок катары уюмдун президенти, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов катышат.

Башкы беттеште лиганын учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Орусия) чемпион наамын коргоо үчүн Бусурманкул Абдибаит уулу (Кыргызстан) менен беттешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД