"Ишеним" партиясынын талапкери Рамина Идырова: "Билимдүү өлкө-өнүккөн өлкө"

"Ишеним" партиясынын талапкери Рамина Идырова шайлоочуларга кайрылуу жасады:

"Мен балдарга мектепке чейинки билим берүү менен алектенип келгендиктен, биздин өлкөдөгү билим берүү маселеси мени абдан тынчсыздандырат. Биздин балдарыбыздын жана жаштарыбыздын өнүгүшүнө инвестиция салуу менен биз өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүп жаткан келечегине салым кошуп жатабыз. Сапаттуу билим - ийгиликтүү мамлекеттин эң маанилүү функцияларынын бири.

Тилекке каршы, биздин билим берүү тутуму эчак эле эскирип, заманбап талаптарга жооп бербейт. Билим берүү мекемелеринин жабдуулары да начар, көпчүлүк мектептерде компьютерлер дагы деле жетишсиз жабдуу болуп саналат. Өсүп келе жаткан муундун мугалимдик кесипке болгон кызыгуусун толугу менен жок кылган билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын төмөндүгү маанилүү көйгөй болуп саналат. Демек, квалификациялуу адистер жетишпейт, бул экономикалык өсүшкө түздөн-түз таасир этет.

Жалпысынан, өзүңөр көрүп тургандай, бизде көптөгөн көйгөйлөр бар! Бирок, биз аларды чечүүгө даярбыз! Биз билим берүү тармагына катуу көңүл бургубуз келет. Билимдүү өлкө - өнүккөн өлкө! Шаардын бардык райондорунда жаңы мектептер курабыз, эски мектептерди жаңы жабдуулар менен камсыз кылабыз, ар бири 140-250 орундуу кеминде 10 муниципалдык бала бакчаларды курабыз. Мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз. Томас Джефферсон айткандай: "Билим берүү сыяктуу улуттун гүлдөп-өнүгүшүнө, кубаттуулугуна жана бактылуу болушуна эч нерсе жардам бербейт".

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 07.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД