Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эмдөөдөн өттү

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, СOVID-19 илдетинен сактануу аны алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрликтин жалпы эмгек жамааты эмдөөдөн өтүштү.

Анда илдетти, эмдөөдөн өтүп жана санитардык нормаларды туура колдонуп, өздүк гигиенаны сактоо менен гана жеңүүгө болоорун министр Бообек Ажикеев билдирди.

"Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө болуп саналат. Эмдөөдөн өтпөгөн адамдар өзүнө да, туугандарына да коркунуч жаратат. Бул илимий жактан дагы далилденди. Ошондуктан баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырып кетем"- деди Б.Ажикеев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД