Эрбол Султанбаев: Инандынын уурдалуусуна кыргыз бийлигинин тиешеси жок

Кыргыз бийлигинин Орхан Инандыны уурдоого катышы бар деген божомолдор таптакыр акылга сыйбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Анын дайынсыз жоголгону белгилүү болгон алгачкы күндөрдөн баштап, Президент Садыр Жапаров ыкчам-издөө иш-чараларын күчөтүүнү, чек араларды көзөмөлдөөнү жана Инанды издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну буйрук кылган.

Анын үстүнө, буга чейин белгилүү болгондой Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракеттери көрүлүп, акыркысы биздин атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан токтотулган. Алар андан сак болууну, жан сакчыларынын коштоосунда болушун суранышкан ", - дейт ал.

Султанбаев кошумчалагандай, уурдоо маселеси түрк тарапка көтөрүлүп, Тышкы иштер министрлигинде түрк элчисине нааразычылык нотасы тапшырылган.

"Учурда түрк тараптан расмий жооп боло элек, бирок алар оозеки түрдө Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес жана Түркиянын жараны деп жарыялашат", - дейт президенттин басма сөз катчысы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД