Баткенде тоодон чыккан өрт эки күндөн бери өчпөй жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пушкөут тоосунда кечээ, 7-июлда өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө токой чарбасынан 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам, жана ӨКМнын 13 кызматкери тартылган.
Кийин кеч киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иш-чаралары убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 8-июль күнү улантылууда.
Учурда өрттүн себеби жана аянты такталууда.