Ооган кыргыздарына гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памирдеги этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө Ооганстандын Памир жергесиндеги этностук кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы жана аларга гуманитардык жардам жеткирүүнүн уюштуруу-техникалык маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга 2021-жылдын күз айларында Афганистандагы Чоң жана Кичи Памирдеги этностук кыргыздарга гуманитардык экспедиция уюштуруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памирдеги этностук кыргыздарга ар жыл сайын гуманитардык экспедиция уюштуруу азык-түлүк жана күндө керектелүүчү товарларды жеткирүү боюнча көмөк көрсөтүүдөн сырткары, Памир кыргыздарын медициналык кароодон өткөрүү, дары-дармектер менен камсыздоо, медициналык консультациялар, алардын турмуш-тиричилигин иликтөө жана этностук кыргыздардын санын аныктоо боюнча милдеттүү программалар да камтыйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД