Жалал-Абадда милиция профилактикалык иштерди жүргүзүүдө

Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан сууга чөгүүлөрдүн жана коронавирус илдетинин алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак жана Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери сууга түшүүчү жайларды көзөмөлгө алышууда. Сууга түшүп жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бассейндердин терең тарабына барбоо, шар аккан каналдарга түшпөө керектиги эскертилүүдө.

Ошондой эле жаш балдарды көзөлмөлсүз калтырбоо, алардын кайда экендигинен ар дайым кабардар болуп туруу зарылдыгы түшүндүрүлүп, аталган райондордо сууга түшүүгө кооптуу деп эсептелинген аймактарга эскертүү тактайчалары орнотулган.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБинин кызматкерлери аймактык башкармалыктын башчылары жана санэпидкөзөмөл борборунун өкүлдөрү менен биргеликте жугуштуу илдеттин алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Алар оруунун жайылышына жол бербөө максатында эл көп топтолгон жерлерде жарандарга түшүндүрүү иштерин алып барышты. Санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгын айтышып, көрүлүп жаткан тиешелүү чараларга көңүл буруу керектиги эскертилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД