Бир суткада 1238 кишиден COVID табылып, 10 бейтап көз жумду

Бүгүн, 8-июлга караган суткада Кыргызстанда COVID диагнозу менен жаңы катталган бейтаптардын саны - 1238.

Алар:

- Бишкек шаарында 693 адам;

- Чүй облусунда 151 адам;

- Баткен облусунда 89 адам;

- Жалал-Абад облусунда 86 адам;

- Ош облусунда 82 адам;

- Ош шаарында 67 адам;

- Ысык-Көл облусунда 38 адам;

- Нарын облусунда 17 адам;

- Талас облусунда 15 адам.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирген маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпы 135 739 адамга коронавирус жуккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД