Өкмөт үйүнүн алдында Орхан Инандыны колдоо митинги өтүүдө

Өкмөт үйүнүн алдында Түркияга чыгарылып кеткен "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны колдоо митинги өтүүдө.

Митингге келгендер колдоруна Орхан Инандынын "Мугалим мөмөлүү дарак. Биздин даракты кыйбагыла", "Орхан Инандыга азаттык" деген жазуулар жазылган сүрөттөрүн кармап чыгышкан.

Белгилей кетсек, Орхан Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Инандыны колдоп, Кыргызстанга кайтарылышын талап кылган жарандар бүгүн, 7-июлдан тарта күн сайын өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып турарын билдирген.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД