Ошто дагы бир депутаттыкка талапкер камакка алынды

Ошто дагы бир депутаттыкка талапкер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 7-июлда 22:00дөр чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "шайлоочулардын добуштарын сатып алууга" шектүү катары бир адам кармалып, тергөө кызматына алынып келинген. Ал Ош шаардык Кеӊешине шайлоого аттанган партиялардын биринин атынан депутаттыкка талапкер.

Учурда ал адамдын шайлоочуларга берген акчалар алынып, тиешелүү көрсөтмөлөр топтолуп, күбөлөр суралууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-июнда саат 11:00дөр чамасында "шайлоочулардын добушун сатып алуу" фактысы боюнча дагы бир Ош шаардык кеӊешине талапкер кармалып, 48 саатка камакка алынганы кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД