Centerra кыргыз өкмөтүнө каршы кошумча доо арыз жазды

Centerra Gold Inc. компаниясы арбитраждык сотко кыргыз өкмөтүнө каршы кошумча доо арыз жазып, "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасын "Кумтөр" кенин мыйзамсыз тартып алды деп айыптап чыкты. Бул тууралуу ишкананын сайтында кабарланды.

Канадалык компания КР өкмөтү менен "Кыргыз алтын" ишканасын "кенди ээлеп алуу жана мурдагы инвестициялык келишимдерди бузуунун негизинде келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчиликке тартууну" өтүнүүдө.

Ошондой эле Centerra Gold Inc. өзүнүн ири акционери "Кыргыз алтынды" тышкы башкаруучу болумуш болуп, кенди өз көзөмөлүнө алуу үчүн өкмөт менен сүйлөшүп алып иш кылууда" деп айыптап жатат.

Ошол эле учурда "Кыргыз алтындын" 100 пайыз акциясына өкмөт ээлик кылары белгилүү.

Эске салсак, канадалык компания Кыргызстанды 16-май күнү сотко берген. Centerra кенди сырттан башкаруу чечимин жокко чыгарууга аракет кылууда. Териштирүүлөр БУУнун Эл аралык соода комиссиясынын эрежелерине ылайык, Стокгольм шаарында (Швеция) өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД