Коронавирус пандемиясы эң кооптуу баскычына жетти

Коронавирус пандемиясы эң кооптуу баскычка жетти. Бул тууралуу Дүйнөлук саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости булгына шилтеме берүү менен "Барометр" маалымдайт.

Анын айтымында, азыр айрыкча эмдөө жүргүзүп мамлекеттер чектөөлөрдү жумшартууда.

"Ошого карабай эмдөө албаган мамлекеттерде вирустун жаңы түрлөрү күчөп жатат",-дейт башчы.

Гебрейесус абалдан чыгуунун жалгыз жолу-өлкөлөр ортосунда вакциналарды, тесттерди, медициналдык каражаттарды тең бөлүү деп эсептейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД