19-июлдан тарта "Бишкек – Балыкчы" поезди күн сайын каттай баштайт

"Бишкек – Балыкчы" поезди 19-июлдан тарта 31-августка чейин күн сайын каттап баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын билдиришти.

Учурда поезд Балыкчыга жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттоодо.

Билеттин баасы 5-10 жаштагы балдар үчүн 34 сом, 10 жаштан баштап 69 сомду түзөт. 5 жашка чейинки балдардан акы алынбайт.

Пандемияга байланыштуу беткапсыз жарандар поездге түшүрүлбөйт.

Поезд "Бишкек-1" станциясынан эртең мененки саат 07:00дө чыгып, Балыкчыга саат 11:59да жетет. Кайра ошол эле күнү саат 17:15те Бишкекке чыгып, борбор калаага саат 22:03тө келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД